Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЯЛДАРДЫН УКУКТАРЫ – адамдын жалпы укуктары, ошондой эле аялдардын биологиялык өзгөчөлүктөрү, социалдык жана үйбүлөлүк статусу менен шартталган укуктары менен эркиндиктеринин жыйындысы. 1945-жылдан кийин А. у. эларалык-укуктук жөнгө салуунун маанилүү объектилеринин бири болуп калды (аялдардын абалына тийешелүү бир катар атайын конвенциялар кабыл алынды).